24-июнда ОшМУда TOEFL эл аралык экзамени боюнча маалыматтык иш-чара өткөрүлүп, ага ОшМУнун, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана мектеп мугалимдери катышты.
Иш-чарада ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университеттин эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана студенттер менен окутуучулардын англис тили боюнча компетенцияларын өнүктүрүү багытындагы иштерине токтолду. Келечекте TOEFL борборун ОшМУнун базасында ачуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча айтып, мындай борбордун ачылышы студенттерге, окутуучуларга жана жалпы эле аймактын жаштарына эл аралык деңгээлдеги тил сынактарын жеринен тапшырууга ыңгайлуу шарт түзөрүн белгиледи.
Жыйында жүрүшүндө TOEFL эл аралык экзамени боюнча Евразия жана Бордук Азия регионунун директору Анна Гутковска TOEFL тестинин өзгөчөлүктөрү, анын дүйнөлүк деңгээлде таанылган академиялык англис тилин баалоо системасы катары артыкчылыктары жана жогорку окуу жайларга тапшыруудагы мааниси тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле катышуучуларга экзаменге даярдануу үчүн атайын ресурстар жана инструменттер тааныштырылды.
Күндүн экинчи жарымында англис тили окутуучулары үчүн атайын TOEFL Workshop практикалык семинары өткөрүлүп, анда тестке даярдоо ыкмалары, окутуу стратегиялары жана эл аралык экзамендерге даярдоонун натыйжалуу жолдору талкуулат.
TOEFL iBT — бул англис тилин билүү деңгээлин аныктаган эл аралык тест. Ал окуу, угуу, жазуу жана сүйлөө көндүмдөрүн комплекстүү баалайт. Тест негизинен АКШ жана башка англис тилдүү өлкөлөрдүн университеттерине тапшырууну көздөгөн талапкерлер үчүн академиялык англис тили боюнча даярдалган. Эл аралык тестти 160 тан ашуун мамлекеттин 13000 ден ашуун жогорку окуу жайлары тааныйт.
Маалыматтык жыйынды ОшМУ Кыргызстандагы TOEFL тест борбору менен биргеликте уюштурду.