Студенттер тынчтык жана коопсуздук багытындагы окутуудан өттү 

Башкы Жаңылыктар

Студенттер тынчтык жана коопсуздук багытындагы окутуудан өттү 

Image

Ош мамлекеттик университетинин студенттери 21–23-июнь күндөрү  Бишкекте өткөн  «Жаштар, тынчтык жана коопсуздук» аталышындагы тренерлер үчүн окутуунун  жыйынтыктоочу иш-чарасына катышты.

Студенттер аталган программага буга чейин өткөрүлгөн окуу-тренингдерге активдүү катышып, өздөрүнүн демилгелүүлүгүн жана лидерлик сапаттарын көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстан жаштар кыймылы тарабынан тандалып алынган. 

Алар иш-чаранын жүрүшүндө жаштар саясаты, тынчтыкты куруу процесстери, коомдогу коопсуздук маселелери, эффективдүү коммуникация жана тренерлик көндүмдөр боюнча тажрыйба алмашып, практикалык тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында бардык катышуучуларга окуу программасын ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды. 

Окутуу Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ОБСЕ) колдоосу жана Кыргызстан жаштар кыймылы тарабынан уюштурулду. Максаты  жаштардын тынчтыкты бекемдөө, коопсуз коомду калыптандыруу жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатуу.

 

Фото галерея