ОшМУ Жидда университети менен байланыштарын бекемдейт 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Жидда университети менен байланыштарын бекемдейт 

Image

26-июнда  Ош мамлекеттик университетинде  Сауд Арабия Падышалыгынын Мекке аймагындагы Жидда университетинин өкүлдөрү менен онлайн форматта расмий жолугушуу болуп өттү.

Ага Жидда университетинин атынан Стипендиялар жана студенттик алмашуу бөлүмүнүн жетекчиси Нуф Жамби, окуу иштери жана университетти өнүктүрүү боюнча проректордун кеңешчиси, ОшМУдан илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор Дилмурат  Турсунов, Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев, эл  аралык байланыштар бөлүмүнүн директору Айнура Өзгөнова, окутуучулар   катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки университет өздөрүнүн ишмердүүлүгү, билим берүү, илимий изилдөө жана эл аралык кызматташтык багыттары боюнча презентацияларды сунуштап, окуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары менен өз ара тааныштырышты.

Тараптар келечектеги кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулап, академиялык мобилдүүлүк, студенттер менен окутуучулардын алмашуусу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эл аралык билим берүү программаларын өнүктүрүү жана башка биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки университеттин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле тараптар өз ара расмий сапарларды уюштурууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. 

Жидда университети (University of Jeddah) 2014-жылы негизделип, мамлекеттик жогорку окуу жайы болуп саналат. Учурда Куран илимдери, инженерия, медицина, маалыматтык технологиялар, киберкоопсуздук, бизнес жана башка багыттарды камтыган 16дан ашуун факультетте билим берүү программаларын ишке ашырат. Университет илимий изилдөөлөрдү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, дүйнөнүн бир катар алдыңкы жогорку окуу жайлары менен ийгиликтүү кызматташып келет.

 

Фото галерея