Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026-2027-окуу жылына жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) тапшыруу үчүн босого упайларды былтыркы деңгээлде калтырды.
Бул тууралуу министрликтин Жогорку, орто жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исиралова билдирди. Анын маалыматына ылайык, гранттык орундарга жана окуу акысын төлөө келишими боюнча кабыл алууда айрым багыттарды эске албаганда, негизги тесттин босого упайы 110, ал эми предметтик тесттер боюнча 60 упай бойдон калды.
Педагогикалык багыттар боюнча гранттык орунга тапшыруучулар үчүн негизги тесттин босого упайы 130, келишимдик негизде 115 упай болуп белгиленди. Предметтик тесттер боюнча босого упай өзгөргөн жок – 60.
Саламаттыкты сактоо багытындагы адистиктерге бюджеттик орундарга тапшыруу үчүн негизги тесттен 120, келишимдик негизде 110 упай топтоо талап кылынат. Предметтик тесттин босого упайы 60 бойдон калды.
Айыл чарба жана айыл чарба илимдери багыты боюнча гранттык жана келишимдик негизде тапшырууда негизги тесттин босого упайы 100, предметтик тест боюнча 60 упай.
Ал эми биринчи жана экинчи топтогу майыптар, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, тоголок жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) гранттык жана келишимдик орундарга кабыл алууда негизги тесттин босого упайы 90 болуп белгиленген.