ОшМУда аймактын өнүгүүсүндөгү илимдин ролу талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда аймактын өнүгүүсүндөгү илимдин ролу талкууланды

Image

 

21-октябрда медициналык факультетте «Академиялык илим жана аймактын туруктуу өнүгүүсү: изилдөөлөрдөн практикалык чечимдерге чейин» темасында жыйын өттү.

Ректор Кудайберди Кожобеков «Билим берүү жана илим: 4.0 университети, аймактын көйгөйлөрүн чечүү үчүн кадрларды даярдоо» деген багытта баяндама жасады. Ал университет 4.0 моделине кандайча өтүп жатканын, аймактын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө илим менен билим эмне роль ойноорун, кандай адистерди даярдоо эң маанилүү экенин айтып берди.

Ректордун айтымында, университет өнөр жай ишканалары, мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте иштеп жатат. Бул кызматташтыктын алкагында студенттерди иш жүзүндө окутууга багытталган дуалдык системаны өнүктүрүү, инновациялык борборлорду түзүү жана илимий иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Ошондой эле эмгек рыногунда талап кылынган күчтүү адистерди даярдоо үчүн университет, мамлекет жана бизнес бири-бири менен тыгыз иштешүүсү зарыл экенин белгиледи.

Жыйында түштүк аймактын илимий мүмкүнчүлүгү, жаратылыш жана кен байлыктарын үнөмдүү пайдалануу, токой экосистемаларын, биологиялык ресурстарды сактоо, калктын ден соолугу, энергия булактары, жаратылыш кырсыктарынын коркунучун көзөмөлдөө маселелери талкууланды.

Катышуучулардын сунуштарын эске алып аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн биргелешкен иш-аракеттерди аныктоо максатында резолюциянын долбоору кабыл алынды.

Жыйын илимий мекемелер менен жогорку окуу жайлардын кызматташтыгын чыңдоого, илимий жетишкендиктерди өндүрүшкө жана практикага киргизүүгө, түштүк аймактын өнүгүүсүнө салым кошкон долбоорлорду аныктоого багытталды.

Фото галерея