22-октябрда Ош мамлекеттик университетинде институттар жана факультеттер аралык биринчи курстардын спартакиадасы башталды.
30-октябрга чейин уланчу мелдеште студенттер спорттун сегиз түрү – волейбол, кичи футбол, баскетбол, жеңил атлетика, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси, ордо боюнча күч сынашат. Ачылыш аземине ректор Кудайберди Кожобеков катышты. Ал студенттерди окуу менен бирге спортко да көңүл буруп, сергек жашоого үндөдү.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга дипломдор, кубоктор жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Ошондой эле университеттин курама командасына мыкты спортчулар тандалат.
Спартакиада жыл сайын ОшМУнун спорттук клубу тарабынан уюштурулуп келет. Мелдештин максаты студенттердин спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана жаштардын ортосундагы достукту бекемдөө болууда.