Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иш адистигинин студенти Сыргагүл Абдрахманова «Жаш кадрлар мектеби» долбоорунун катышуучусу болуп, учурда Жогорку Кеңеште такшалмадан өтүп жатат.
Долбоор парламент төрагасына караштуу Жаштар кеңешинин демилгеси менен ишке ашырылууда. Ага өлкө боюнча 14 жаштан 35 жашка чейинки 680 адам арыз берген. Үч этаптан турган тандоонун жыйынтыгында алардын ичинен 120 талапкер тандалып алынган.
Катышуучулар эки жарым айлык окуу программасында парламенттин ишмердүүлүгү, мамлекеттик башкаруу, лидерлик жана жарандык жоопкерчилик боюнча билим алышты. Мындан тышкары Сыргагүл Абдрахманова 10–13-ноябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өткөн Улуттук жаштар форумуна «Жаш кадрлар мектебинин» атынан катышты. Форумда жаштардын демилгелери, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча пикир алышты.
Учурда Сыргагүл Абдрахманова өзүнө бекитилген Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы катары такшалмадан өтүүдө. Бул мүмкүнчүлүк ага парламенттин иши менен жакындан таанышууга, мыйзам чыгаруу процессин көрүүгө жана мамлекеттик башкаруу тармагында практикалык тажрыйба топтоого шарт түзөт.