МАПАЕВА  НУРЖАМАЛ  АБДИЛЛАЖАНОВНА

Университет Структуралар Жетекчилик Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору

МАПАЕВА  НУРЖАМАЛ  АБДИЛЛАЖАНОВНА

Адрес Ош шаары, Алымбек датка көчөсү, 331
Телефон
Факс 0(3222) 7-09-15
Веб-сайт
E-mail

Туулган жылы,айы,күнү: 1977-жыл, 18-сентябрь

БИЛИМИ:Жогорку

  • ОшМУнун кыргыз филологиясы  факультетин кыргыз тили жана адабияты адистигин 1998-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

АДИСТИГИ: кыргыз тили жана адабияты мугалими

ИЛИМИЙ ЭМГЕКТЕРИ:

  • Филология илимдеринин кандидаты, доцент 
  • Бир нече илимий макалалардын, окуу-методикалык колдонмолордун жана окуу куралынын автору.  

ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

  • 1998-жылдан бери Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент;
  • 2003-жылдан бери билим берүүгө арналган бир нече проекттерде тренер;
  • 2013-жылдын март айынан 2017-жылга чейин ОшМУнун журналистика бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-жылдан  2023-жылга чейин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары ;
  • 2023-жылдын сентябрь айынан ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору

СЫЙЛЫКТАРЫ:

  • ОшМУнун эң мыкты окутуучусу – 2006” конкурсунун жеңүүчүсү, 1даражадагы диплом(2006);
  • Ош облусунун мамлекеттик администрациясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун Ардак грамотасы(2011);
  •  “ОшМУнун эң мыкты лектору - 2013” конкурсунун жеңүүчүсү (2013);
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы (2014);
  • Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун Талант Моңолбаев атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Диплом (2015);
  • “Кыргыз тили” коомунун төш белгиси (2018);
  • Билим берүү жана  илим министрлигинин Ардак грамотасы – 2019.