АТТОКУРОВ КУРСАНТБЕК ШАРАБИДИНОВИЧ

Университет Структуралар Жетекчилик Тышкы байланыштар боюнча проректору

АТТОКУРОВ КУРСАНТБЕК ШАРАБИДИНОВИЧ

Адрес Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331
Телефон +996 (3222) 7-08-67
Факс
Веб-сайт
E-mail attokurov@oshsu.kg

Туулган күнү, айы, жылы: 27-декабрь, 1964-жыл

БИЛИМИ:

  • 1984-1989-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (ОшМПИнин) биология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

ИЛИМИЙ ЭМГЕКТЕРИ:

  • 28 илимий макаланын, 9 окуу-усулдук колдонмонун жана окуу китептердин автору.

ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

  • 1988-1989-жылдары ОшМПИде лаборант.
  • 1989-1990-жылдары  ОшМПИде улук лаборант.
  • 1990-1993-жылдары Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын ботаникалык институтунда аcпирант.
  • 1994-жылы биология илимдеринин кандидаты.
  • 1994-1996-жылдары ОшМУнун табият таануу факультетинде окутуучу.
  • 1996-жылы ОшМУнун табият таануу факультетинде улук окутуучу.
  • 1996-2002-жылдары ОшМУнун табият таануу факультетинде тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары.
  • 2003-2012-жылдары ботаника кафедрасынын башчысы.
  • 2007-жылы биология илимдери боюнча доцент.
  • 2012-2021-жылы ОшМУнун медициналык колледжинин директору.
  • 2022-2023-жылдары табигый ресурстар борборунун директору.
  • 2023-жылдан бери ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору.
  • 2002-жылы «Эко-Ой» коомдук фондунун түзүүчүсү, анын төрагасы.
  • 2004-2005-жылдары  Кыргызстандагы ННК ГЭФ-ЧГП  ПРООН уюмунун мүчөсү жана менеджери.
  • Кыргызстандын түштүк регионунун айыл-чарбасын өнүктүрүү боюнча АБРдин экологиялык долбоорунда улуттук эксперт.
  • 2007-2008-жылдары голландиялык өкмөттүк эмес уюмдун «Кыргызстандагы эскирген пестициддерди жоюу» боюнча локалдык координатору.
  • 2008-жылы ГЭФ (ЮНЕП) УООНдун «Памир жана Памир-Алай тоолуу аймагында жерди туруктуу колдонуу» долбоорунун менеджери.

СЫЙЛЫКТАРЫ:

  • 2005-жыл. ОшМУнун “Ардак грамотасы”
  • 2007-жыл. ОшМУнун “Ардак грамотасы”
  • 2007-жыл КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы”
  • 2010-жыл. Ош жаңырыгы гезитинин «2010-жылдын мыкты адамы» диплому
  • 2010-жыл. Ош шаарынын мэриясынын “Ардак грамотасы”
  • 2012-жыл. “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси
  • 2015-жыл. Ош шамы гезитинин “2015-жылдын мыкты адамы” диплому
  • 2017-жыл. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы”
  • 2019-жыл. Ош шаарынын мэриясынын “Ардак грамотасы”
  • 2023-жыл. КРдин Жогорку Кеңешинин “Ардак грамотасы” ж.б.
Фото галерея