
Туулган жылы, айы, күнү: 30-декабрь 1975-жыл
Билими: 1992-1997-жылдары ОшМУнун физика-математика факультетинде билим алган
ИЛИМИЙ ЭМГЕКТЕРИ:
- -2009-жылдын 25-декабрында ф.-м.и.д., профессор А. Сопуевдин жетекчилиги астында «Аралаш типтеги үчүнчү тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелер үчүн чек аралык маселелер» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.
- - 2014-жылдын 27-мартында КРнын жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен “Математика” адистиги боюнча доценттик илимий наам ыйгарылган.
- - 2020-жылдын 18-июнунда ф.-м.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти К. Алымкуловдун жетекчилиги астында “Бисингулярдуу козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечимдеринин бир калыптагы асимптотикасы” аттуу темада физика-математика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын коргогон.
ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ :
- Эмгек ишмердигин 1997-жылы ОшМУнун колдонмо математика жана информатика кафедрасында окутуучу болуп баштаган.
- 2002-2007-жылдары Компьютердик технологиялар факультетинин деканынын сырттан окуу боюнча орун басары, прикладдык жана компьютердик математика кафедрасынын улук окутуучусу болуп иштеген.
- 2008-2011-жылдарда Математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, программалоо кафедрасынын улук окутуучусу, доценти.
- 2011-2016-жылдары ОшМУнун окуу-информациялык департаментинин директору, программалоо кафедрасынын доценти.
- 2016-2017-жылдары ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору кызмат орундарында эмгектенген.
- 2017-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары кызматын аркалаган.
- 2019-жылдын 13-сентябрынан 28-октябрына чейин ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу.
- 2019-жылдын 11-ноябрынынан ОшМУнун ректору кызматына шайланды.
СЫЙЛЫКТАРЫ:
- Ош шаар мэриясынын Ардак грамотасы, (2005);
- Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы, (2008);
- КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, (2012);
- Россия табигый илимдер академиясынын профессору, (2016).