Илимий борборлор

Илимий борборлор

Табигый ресурстар борбору

ОшМУнун Табигый ресурстар борбору 2021-жылы ноябрь айындагы ректордун буйругу менен түзүлгөн.

Борбордун милдети: Кыргызстандын түштүк аймагындагы табигый ресурстарды коргоо, байытуу жана учурдун талабына шайкеш экологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрдүн алкагында рационалдуу пайдалануу үчүн аларды заманбап усул-ыкмалардын негизинде ар тараптуу окуп үйрөнүү, табигый ресурстардын бүгүнкү күндөгү абалына баа берүү,  потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана натыйжалуу пайдалануунун  жолдорун иштеп чыгуу.

Мындан сырткары ОПКна илимий макалаларды жазуу. СКОПУС, РИНЦ  жана башка индекстелген журналдарга басмага берүү боюнча консультативдик кызматтарды көрсөтүү, илимий долбоорлорду түзүү жана аткаруу.

 

 

Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар Консалтинг борбору

ОшМУнун ректорунун буйругуна ылайык өлкө президенти Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган жергиликтүү жамааттар менен биргеликте “Жашыл мурас”, “Тоо экосистемаларын сактоо жана климаттык туруктуулук” жөнүндөгү программаларын реалдуу ишке ашыруу максатында Ош мамлекеттик университетинин алдында “Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар Консалтинг Борбору” түзүлгөн.

Борбор төмөндөгү максаттарды ишке ашырат:

  • экологиялык илимий долбоорлорду иштеп чыгуу
  • долбоорлорду  практикада ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдар менен байланыш түзүп карржылоо булактарын жана донорлорду табуу
  • долбоорлорду координациялоо жана коммерциялаштыруу
  • аймактардагы, айрыкча тоо калкынын түрдүү катмарынын арасында экологиялык агартуучулук ишмердиги менен катар экологиялык илимий изилдөө иштерин да жүргүзүү

ТооЭкоКонсалтинг борбору түрдүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, долбоорлорду аткаруу иштеринде ОшМУнун жана Ош шаарындагы ЖОЖдордо биология, химия, география, айыл жана токой чарбалары, геодезия, геоэкология, медицина, экономика, социалдык иштер, педагогика, дүйнөлүк тилдер жана маданият, эл аралык мамиле, тарых, юриспруденция, психология ж.б. багыттарында эмгектенген алдыңкы окумуштуу-изилдөөчүлөрдү жана практик-адистерди камтыйт. 

Түзүлгөндөн бери ТооЭкоКонсалтинг Борбору өнөктөштөр менен  биргеликте төмөнкү экологиялык долбоорлорду аткарууга жетишти:

- “Курбу-Таш токой” (2019-2024-ж.ж.) – Жеке салымдар, ОшМУ, Жалпак-Таш айыл өкмөтү, КРнын ӨКМ, Ага Хан фонду жана USAID уюму тарабынан каржыланган.

- “Жер көчкүлөрдөн деградацияланган топурак катмарын калыбына келтирүү: Климаттын өзгөрүү шарттарында тоо экосистемаларын коргоо үчүн  токой-мелиоративдик иш-аракеттерди жүргүзүү жана биорекультивациялоо” (2025-ж.) – КРнын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган, 2025-2027-жылдарга карата аткарылуучу долбоор.

- БИОМ экоуюмунун “Ош шаарындагы реконструкциялык иш-аракеттердин натыйжасында кыйылган дарактардын жана жашыл массивдердин абалын жана алардын калктын саламаттыгына тийгизген таасирин баалоо” долбоорунун алкагында фитопатологиялык жана медициналык экспертизаларды өткөрүү (2025-ж.) 

- ОшМУнун  «ОшМУнун ички гранттык долбоорлорунун илимий көргөзмөсү – 2025» сынагында «Жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мыкты долбоор-2025» номинациясын жеңип, “Инновациялык питомник” долбоору ишке ашырылып жатат.

Борбор USAID, Ага Хан фонду, АБР, ИВМИ, ПАХЧ, БИОМ ж.б. эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешип келет.

 

 

Онкологиялык ооруларды изилдөө, алдын-алуу боюнча изилдөө жана инновациялар борбору

Негизделиши: Онкология жана ага байланыштуу медициналык тармактардагы илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун алкагында түзүлгөн.

Максаттары жана милдеттери

Борбордун негизги максаты – алдыңкы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоодо инновациялык технологияларды киргизүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Негизги милдеттери:

  • онкология, радиология жана медициналык информатика боюнча жаңы билим берүү программаларын (ординатура, магистратура, PhD) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
  • заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти жана биоинформатиканы колдонуу менен клиникалык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • жеке медицина үчүн маалымат базаларын жана аналитикалык системаларды түзүү;
  • саламаттык сактоо кызматкерлерине жана калкка арналган билим берүү жана агартуу иш-чараларын уюштуруу;
  • алдыңкы университеттер жана медициналык борборлор менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Өнүгүү стратегиясы (2025–2029-жж.)

  • лабораториялар, IT-системалар жана молекулярдык, радиологиялык изилдөөлөр үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздоо;
  • Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү университеттер менен биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • онкологиялык оорулардын алдын алуу жана диагностикасына инновациялык ыкмаларды киргизүү;
  • гранттардын, эл аралык долбоорлордун жана билим берүү кызматтарынын негизинде борбордун туруктуу иштешин камсыз кылуу.

Ишмердүүлүктүн негизги багыттары

  • рак ооруларын алдын алуу, аныктоо жана дарылоо жаатындагы илимий изилдөөлөр;
  • студенттер, ординаторлор, аспиранттар жана медициналык кызматкерлер үчүн билим берүү программалары;
  • медициналык маалыматтарды  IT технология  аркылуу талдоо;
  • рак ооруларынын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • эл аралык илимий жана академиялык кызматташтык.

Кичи долбоор: «ОшМУдагы онкологиялык ооруларды изилдөө боюнча алдыңкы тажрыйба борборунун өнүгүүсүнүн стратегиялык планы»