Орусиялык экологдор ОшМУга келип, жогорку окуу жайларда экологиялык демилгелерди ишке ашыруу боюнча окутуу өткөрдү. Окутуунун алгачкысы Ош шаарындагы №52 кыргыз-түрк мектебинде болду.
Ага мектеп мугалимдери, окуучулар жана ата-энелер катышты. Мында климматтын өзгөрүүсүндөгү адамдардын орду, климаттын экология тийгизген таасири боюнча маалыматтар берилди.
Экинчи күнүндө ОшМУда Ош шаарындагы ЖОЖдордун илимий кызматкерлери, экологдор окутуучулар жана студенттердин катышуусунда экологиялык көйгөйлөрдү жоюуну талкууланды. Ондон ашык презентация коюлду.
ЭКО кыймылынын директору Элена Гарохова ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, кызматташуу багыттарын сүйлөшүштү. Жыйынтыгында тараптар ОшМУ менен “Эко” экологиялык уюмунун ортосунда меморондумга кол коюшту. Кызматташуунун алкагында алдыда Орусия менен өндүрүштүк иш пландарды алып баруу пландалды.