ОшМУда «Ош, мен сени сүйөм» аттуу даректүү тасманын бет ачары өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда «Ош, мен сени сүйөм» аттуу даректүү тасманын бет ачары өттү

Image

Ош мамлекеттик университинде 18-декабрь – Эл аралык мигранттар күнүнө карата «Ош, мен сени сүйөм» даректүү тасмасынын бет ачар аземи өттү.

Жарым сааттык тасма университет, Эл аралык миграция уюму жана "Азия чыгармачыл айымдарынын" коомдук фонду менен биргеликте тартылган. Режиссеру – Асель Жураева. Тасмада пакистандык эки мигрант – Афтаб жана Сафиулланын жашоосу чагылдырылат. Алар үчүн Ош экинчи үйүнө айланган. Бул даректүү тасма аркылуу алардын кыйынчылыктары, жетишкендиктери жана Кыргызстанга болгон терең сүйүүсү баяндалган.

“Ким билет, балким, бул тасманы көргөн адам өз оюн өзгөртүп, башкача ойлоно баштап, өзү жашаган жердин, өлкөнүн, сүйлөгөн тилинин маанисине карабастан, ички гармонияны табууга аракет кылат”, – дейт Асель Жураева.

Тасманын бет ачарынан кийин анын режиссеру жана башкы каармандары менен панелдик талкуу өттү. Баарлашуу кинонун темасын тереңирээк ачып, миграция жана социалдык интеграция маселелерин кеңири контекстте талдоого мүмкүнчүлүк түздү.

Иш-чара Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) жана Норвегиянын өнүгүү кызматташтык агенттигинин (NORAD) колдоосу менен ишке ашты. 

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 28 миңден ашуун чет өлкөлүк студент жашайт. Алардын 10 миңге жакыны ОшМУда билим алат.


 

Фото галерея