ОшМУ дүйнөлүк "Exclusive World Records" китебине кирди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ дүйнөлүк "Exclusive World Records" китебине кирди

Image

Дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын ичинен алгачкы жолу Ош мамлекеттик университети Индиянын белгилүү "Exclusive World Records" китебине кирди. Бүгүн, 24-мартта окуу жайдын Эл аралык медицина факультетиндеги иш-чарада "Exclusive World Records" (Эксклюзив Ворлд Рекордс) уюмунун өкүлү ректор Кудайберди Кожобековго тастыктоо төш белгиси менен диплом тапшырды.

Рекорддор китебине кирүүдө негизги критерий катары индиялык студенттердин арасында окуу жайлар тууралуу жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы каралган. Анда ОшМУ тууралуу оң пикирлер басымдуулук кылып, жогорку баага ээ болгон.  

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде билим алып жаткан 4000ге жакын студент салтанаттуу түрдө ант берди. Учурда ОшМУда 9000ге жакын чет элдик студент билим алууда. 

"Exclusive World Records" – дүйнө жүзүндөгү өзгөчө жетишкендиктерди жана рекорддорду чогулткан эл аралык китеп болуп эсептелет. 


 

Фото галерея