
Ош мамлекеттик университетинин студенттери Кореянын жогорку окуу жайларында билим ала алышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Билим берүү борборунун директору Джо Чандын 27-мартта окуу жайга болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду.
Джо Чан ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, ОшМУнун ишмердүүлүгү, жетишкендиктери менен таанышты. Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо, корей тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, докторантура багыттарында пикир алышты. Макулдашуулардын алкагында биргелешкен иш аракеттер алып барылары белгилүү болду.
ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун базасында 2021-жылдан татып корей тили профили боюнча студенттер билим алышат. Университет учурда Кореянын Ханбат улуттук университети, Кванджу университети, Ханянг университети, Пэй Чэй университети, Андонг улуттук университети, Кюнгил университети, Донгук университети, Чонбук улуттук университети сыяктуу алдыңкы ЖОЖдор менен келишимдердин алкагында кызматташып келет.