Студенттик акыйкатчы аппараты жаштар фестивалына катышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттик акыйкатчы аппараты жаштар фестивалына катышты

Image

16-21-март күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында “Navruz World Youth Festival” аталышындагы бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы болуп өттү. Анда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүндө жаштар ишкердигин өнүктүрүүнүн жолдору, аймактардын экологиялык көйгөйлөрү талкууланды. 

Фестивалга Кыргызстандан 24 делегат катышты. ОшМУдан студенттик акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Бектур Метиналы уулу барды.  

“Фестиваль өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабын өнүктүрүү үчүн аянтча болду. “Глобалдык диалог: жаштар менен иштөөнүн мыкты тажрыйбалары” темасындагы панелдик сессияга катыштык. Андан сырткары фестивалынын алкагында Худжанд шаарында өткөн Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан жаштарынын “Туруктуу өнүгүү үчүн кызматташуу” форумуна күбө болдук. Анда региондор аралык кызматташтыкты чыңдоо, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаштарынын ортосундагы достук жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, маданият жаатындагы биргелешкен демилгелер талкууланды. Фестивалда ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен таанышып, жаны досторду таптык”, -дейт Бектур Метиналы уулу. 

Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азарбайджан, Зимбабве, Нигерия, Беларусия, Кытай жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн жаштары катышты. 

 

Фото галерея