Өлкөдөгү жаш илимпоздор ОшМУда чогулуп, социалдык долбоорлорду талкуулашты 

Башкы Жаңылыктар

Өлкөдөгү жаш илимпоздор ОшМУда чогулуп, социалдык долбоорлорду талкуулашты 

Image

Бишкек, Ош шаарларындагы жана Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жаш илимпоздор «Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жаш илимпоздор кеңешинин кызматташуусу» аталышындагы иш-чарада чогулду. 

Жолугушуу 26-апрелде Ош мамлекеттик университетинде уюштурулуп, катышуучулар түштүк регионундагы Жаш илимпоздор кеңешинин алдыда ар тараптуу кызматташуу, тажрыйба алмашуу, илимий жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруусу тууралуу талкуулашты. Ошондой эле жаш кадрларды илимге тартуу, бул тармактын мүмкүнчүлөктөрү тууралуу маалыматтар берилди. 

ОшМУнун Жаш илимпоздор кеңеши эл аралык уюмдарга, Ош мэриясына жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлүнө окуу жайдын жаш илимпоздору тууралуу маалымат берип, кызматташуу сунушталды.

Жыйынтыгында университеттин кесиптик бирлиги тарабынан катышуучуларга белектер жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Аталган иш-чара ОшМУнун Илим жана инновация бөлүмүнүн «Жаш илимпоздор кеңеши» тарабынан уюштурулду. Максаты — жогорку окуу жайлардын жаш илимпоздорун бириктирүү, тажрыйба алмашуу, илимий кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.

 

Фото галерея