
Бишкек шаарында өткөн эл аралык студенттик олимпиадада ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент факультетинин ЭБиМ командасы экинчи орунду багындырды.
Иш-чара 25-апрелде Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Менеджмент» кафедрасынын 25 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү. Ага Орусиянын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан командалар катышты.
Билим таймашында катышуучулар алгач ишкананын мисалында презентация жасоо, тексттик суроолор, кроссворд толтуруу жана көйгөйлүү кырдаалды чечүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышкан.
ОшМунун командасын аталган таймашка Менеджмент жана маркетинг кафедрасынын доценти Канат Сакибаев жетектеп барды.