Түрк тилин окутуу борбору менен ОшМУнун байланышы уланат

Башкы Жаңылыктар

Түрк тилин окутуу борбору менен ОшМУнун байланышы уланат

Image

Ош мамлекеттик университети менен Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү кеңешчилиги жана Түрк тилин окутуу борбору (TTEÖMER) түрк тилин окутуу боюнча кызматташтык протоколуна кошумчаларды киргизип, кол коюшту. Кол коюу аземине борбордун жетекчиси Ильяс Сүт баштаган делегация жана ректор Кудайберди Кожобеков катышты.

Документте ОшМУнун базасында түрк тили курстары ачылып, Түркиянын мугалимдери окута тургандыгы белгиленген. Окутуулар акысыз жүргүзүлөт жана бардык студенттерге, сырттан келген каалоочуларга да ачык болот. Окуу китептери студенттер тарабынан алынат. Методикалык материалдар Түрк тилин окутуу борбору тарабынан камсыздалат. Ал эми университет атайын аудиторияларды бөлүп берет. 

Азыркы тапта Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде жана Чыгыш таануу институтунда атайын класстар даярдалган. Курстар Теология факультетинде, Эл аралык программалар мектебинде, Чыгыш таануу институтунда жана Имам Хатип лицейинде өтөт.

Бул кызматташтык эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы байланышын бекемдеп, студенттерге түрк тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Фото галерея