23-майда ОшМУнун филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда тегерек стол жана “Адабият ааламы” аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү.
Анда Өзбекстандын Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинен келген окумуштуулар конок лекцияларды өтүштү. Баяндамалар Бабур, Чыңгыз Айтматов жана Назар Эшенкулдун прозасы, Махмуд Кашгаринин чыгармалары, чет тилдерди үйрөтүүдө тексттин үстүндө иштөө, тилдерди окутууда мультимедианы колдонуу багыттарында болду. Ошондой эле эки тараптуу келишимдин негизинде өзбекстандык жана кыргызстандык студенттердин онлайн тил үйрөтүү боюнча тажрыйбаларынын жыйынтыгы көрсөтүлдү.
Мындан тышкары кызматташтыктын жыл ичинде аткарылган иштеринин мазмуну талкууланды. Аны менен катар эле 2026-2027-окуу жылына карата А. Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университети менен ОшМУнун филология жана маданияттар аралык коммуникация институнун жол картасы түзүлүп, конкреттүү иш-чаралардын планы түзүлдү.
Иш-чара ОшМУнун Алишер Навои атындагы өзбек тили, адабияты жана маданияты борбору тарабынан демилгеленген.
Максаты түрк элдеринин руханий интеграциясын, байланышын күчөтүү, Өзбекстандын Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университети жана филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун тил илими, адабият таануу жана окутуунун жаны технологиялары боюнча тажрыйба алмашуусун жандантуу болуп саналат