Erasmus+ DEFA долбоорунун алкагында семинар өттү

Башкы Жаңылыктар

Erasmus+ DEFA долбоорунун алкагында семинар өттү

Image

ОшМУнун Рейтинг бөлүмүнүн жетекчиси Максат Тотобаев Нарын мамлекеттик университетинде Erasmus+ программасынын ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандагы университеттердин каржылык автономиясын өнүктүрүү» долбоорунун алкагындагы төрт күндүк окутууга катышып келди.

Иш-чарага улуттук жана эл аралык өнөктөштөр катышты. Долбоордун улуттук координатору Нурлан Омуров DEFA долбоорунун стратегиялык маанисине токтолуп, ал Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын мамлекеттик жоопкерчиликти сактоо менен каржылык көзкарандылыктан чыгуусуна жана эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүнө багытталганын баса белгиледи.

Семинар өнөктөш университеттерди долбоордун жүрүшү менен тааныштыруу жана аралык отчетко даярдык маселелерин талкуулоо максатында уюштурулду. Ошондой эле билим берүү системасында каржылык автономияны өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантуу каралган.

Erasmus+ DEFA долбоору Кыргызстандын ЖОЖдорунун каржылык, экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатуунун перспективаларын изилдейт.

Фото галерея