Акын Кожогелди Култегин менен чыгармачылык жолугушуу өттү

Anasayfa Haberler

Акын Кожогелди Култегин менен чыгармачылык жолугушуу өттү

Image

5-октябрда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде Кыргыз Республикасынын эл акыны, ТҮРКСОЙдун алтын медалынын ээси, драматург жана котормочу Кожогелди Култегин менен чыгармачылык жолугушуу өттү.

Жолугушууну факультеттин деканы Олжобай Шаимкулов алып барды. Анда акындын өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу видео көрсөтүлүп, студенттер анын ырларын көркөм окушту. Мындан тышкары Кожогелди Култегиндин чыгармачылыгына арналган илимий баяндама жасалып, анын ырларына жазылган обондор аткарылды.

Иш-чарага коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Кожогелди Култегин студенттер менен баарлашып, ырларынан окуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жолугушуу студенттердин кыргыз адабиятына болгон кызыгуусун арттырып, акындын чыгармачылыгы менен жакындан таанышууга шарт түздү.

 

fotoğraf Galerisi