ОшМУда 1-курстар аралык студенттик спартакиада жыйынтыкталды

Main News

ОшМУда 1-курстар аралык студенттик спартакиада жыйынтыкталды

Image

Бүгүн, 27-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде институттар жана факультеттер аралык спартакиада жыйынтыкталды. Сыйлоо аземинде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, кесиптик кошундун төрагасы Абсамат Саттаров, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров баштаган жетекчилер катышты.

Бир жумага созулган мелдеш биринчи курстун студенттери арасында өттү. Катышуучулар спорттун сегиз түрү - волейбол, кичи-футбол, баскетбол, жеңил атлетика, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана ордо оюну боюнча күч сынашкан. Жыйынтыгында биринчи орунду Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун командасы, экинчини Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту ээледи. Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунан куралган команда үчүнчү орунга татыды. Жеңүүчүлөргө диплом, кубок, акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

Сыйлоо аземинде ректор Кудайберди Кожобеков спартакиада студенттердин спортко болгон кызыгуусун арттырып, дени сак болууга үндөө, достук мамилени чыңдоо, университеттин курама командасын мыкты спортчулар менен толуктоо максатында уюштурулганын билдирди. Ошондой эле бул тармактагылар окуу жайдын намысын универсиадада, республикалык мелдештерде дайыма коргоп келерин белгиледи. Ал ОшМУ мындан ары да мыкты спортчуларга материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтө берерин кошумчалады.

Бул спартакиада жыл сайын уюштурулуп келет.

 

Photogallery