Изилдөөчүлөргө илимий-изилдөөнү уюштуруу эрежелери үйрөтүлдү

Main News

Изилдөөчүлөргө илимий-изилдөөнү уюштуруу эрежелери үйрөтүлдү

Image

Бүгүн, 15-январда ОшМУда  аспиранттар жана изденүүчүлөр үчүн илимий-изилдөө иш аракеттерин уюштуруунун негизги эреже-талаптары боюнча тренинг өткөрүлдү.

Окутууда жаңы кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардагы өзгөрүүлөр, илимий-изилдөө  иш-аракеттерин жүргүзүүдөгү, кандидаттык диссертацияны коргоого чыгуу үчүн негизги эреже-талаптар тууралуу маалымат берилди.

Аспиранттарга Улуттук аттестациялык комиссиянын сайтында жеке кабинеттер түзүлүп, кандидаттык диссертацияларынын темалары РЕЕСТРге катталды.

Тренинг-семинар аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Photogallery