ОшМУда кытайлык студенттер орус тилин өздөштүрүштү

Main News

ОшМУда кытайлык студенттер орус тилин өздөштүрүштү

Image

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан 2025-2026-окуу жылында Кытайдан келген студенттер үчүн  “Орус тили” курсу уюштурулган. Анда тогуз студент кабыл алынып, алар октябрь айынан тартып 8 ай билим алышты.

Курстун алкагында студенттер орус тилинин грамматикасын, лексикасын жана сүйлөө кебин тереңдетип үйрөнүштү. Окуу процессинин жыйынтыгында катышуучулар үчүн атайын сынак уюштурулуп, алар жыйынтыктоочу экзаменди ийгиликтүү тапшырышты. 

Сынак студенттердин алган билимин ар тараптуу баалоо максатында эки этапта — тест түрүндө жана ооз эки (сүйлөө) форматында өткөрүлдү. Курсту тренер, доцент Гульзат Болотакунова  алып барды. 

Жыйынтыгында курсту ийгиликтүү аяктаган беш  кытайлык студентке ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун атайын сертификаттары  тапшырылды.

 

Photogallery