Өзбекстандын окумуштуулары ОшМУнун студенттерине конок лекция өтүштү

Main News

Өзбекстандын окумуштуулары ОшМУнун студенттерине конок лекция өтүштү

Image

21–25-сентябрь күндөрү Мирзо Улугбек атындагы Ташкент улуттук университетинин профессорлору география адистигинде билим алган студенттерге конок лекцияларды өтүштү.

Лекцияларды география илимдеринин доктору, профессор Мирали Миркамалов, география илимдеринин кандидаты, доцент Мухриддин Махсуд уулу өткөрдү. 

Анда географиялык билим берүүнү өркүндөтүүдө эл аралык тажрыйбаны колдонуу, аймак таануунун мааниси, заманбап географиялык изилдөө ыкмалары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайлары жана окумуштуулары ортосундагы илимий-академиялык байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жолугушуулар ОшМУ менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы билим берүү, илимий кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Photogallery