Студенттер Сулайман-Тоодо ишембилик өткөрдү

Main News

Студенттер Сулайман-Тоодо ишембилик өткөрдү

Image

17-октябрда Ош мамлекеттик университетинин студенттери экологиялык ишембиликке катышты.

Алар Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагын таштандылардан тазалап, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого салым кошту.

Иш-чара президенттин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» улуттук дем доктринасы жөнүндө жарлыгынын «Айлана-чөйрө» багытын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Максаты жаштардын экологиялык маданиятын, мекенчилдик сезимин жана жарандык жоопкерчилигин калыптандырууга, тарыхый-маданий мурастарга аяр мамиле жасоого үндөөгө багытталды. 

Photogallery