КАНЫБЕК ИСАКОВ ГЕЗИТТИН САПАТЫН КӨТӨРҮШ ҮЧҮН КӨП КҮЧ ЖУМШАДЫ.....

Башкы Жаңылыктар

КАНЫБЕК ИСАКОВ ГЕЗИТТИН САПАТЫН КӨТӨРҮШ ҮЧҮН КӨП КҮЧ ЖУМШАДЫ.....

Image

Алишер Жусупов, Тайлакбай Темиралиев атындагы орто мектебинин директору:

Каныбек Исаков гезиттин сапатын көтөрүш үчүн көп ойлонуп, изденип, күч жумшады

ОшМУнун башкы корпусундагы кире бериште, оң жактагы көк фанера тосмо болуп, анын терезелеринен окуу жайга документтер кабыл алынчу эле. Бир топ терезелердин биринен Кыргыз филологиясы факультетине дело, конверт, 3/4  өлчөмүндөгү сүрөт, форма 086  справкасын жана аттестатты кошо тапшырганбыз. Акчанын кайтарымына бир гезит берди, менимче гезиттин наркы 5 сомду түзгөн болуш керек. Гезит кош барактуу, түстүү чыгарылышы  экен. Арап Анарбаевдин ордуна Бакыт Бешимов ректор болуп шайлангандыгына байланыштуу, Институттан Университет статусуна ээ болгон учурдагы өзгөчө чыгарылыш, майрамдык саны экен.

Гезитти барактап атып кызыгуум артып калды. Дареги ОшМУнун 2-кабаты, 219- кабинет деп тургандыгын көрүп дароо чыктым. Тилекке каршы ал кабинеттин эшиги бек экен. Сыртында “Студенттик кошуун”, төрагасы Дүйшөнкул Чотонов, орун басары Арзыбек Кожошев деп турган эле. Ушул жерде Студенттик кошуун чыгарат экен деген ойдо, жогорудагы адамдарга кызыгып, иликтей баштадым. Ага чейин биз окууга тапшырдык, баарыбызды чоң актылар залына отургузуп, жат жазуу алышты. Андан кийинки экзамендер оозеки, тез-тез эле болуп бүттү. Факультетке барып, группалаштарым, агай-эжейлер менен таанышып, “Нур” гезитинин редакциясына тезирээк баруумду самап жүрдүм. Ал убакта гезиттин редактору-философия илимдеринин кандидаты Маматемин Эркебаев деп жазылып турчу. Ал тыкан, келишимдүү кийинген, чачын артка тараган, келишкен киши болчу. Бул киши мени Каныбек Исаков агайдан сурамжылап чакыртыптыр. Ошол күн “Нур” гезитиндеги күнүмдүн башталышы болуп тагдырыма жазылды.

“Нур” гезити жөнүндө сөз болгондо Каныбек Исаковду эскербесек болбойт.  Ошол кезде суденттер арасында Каныбекти тааныйсыңбы? Каныбектин иниси болом деген сыяктуу сөздөр көп жүрүп калган. Ал кезде жатаканада "дедовщина" күчүнө кирип турган учур.  Жакшылык деген олбурлуу келген бала студенттерди тизип алып жатакананын тартибин түшүндүрүп жатыптыр. Мен да аралашып калып коркконумдан “Каныбектин иниси болом” деп кутулганмын. Ошондон кийин балдардын мага болгон сый-урматы бийиктегенин сезип калгам. Бир күнү идиштеримди көтөрүп бөлмөмө баратсам, кепка кийген чоң киши келе жатыптыр, мага бир нерсе деп жүрбөсүн деген ойдо “Каныбектин инисимин” деп учураштым. Көрсө ал Каныбек Исаковдун өзү экен. Агай да карс-карс күлүп, колумду бекем кысып жакындан таанышып кеттик.

Каныбек агай: Гезиттин "кухнясын" түшүнөт, макалалары чыгып, кабарчы болуп иштеген экен",-деп мактаптыр. Ошондо мен олимпиадага даярданып, өзүмдүн чыгарган макалаларымды топтоп жүргөн элем, аны Каныбек агай көрүп: “Оо азаматсың, мен сени “Нур” гезитине ишке киргизем”,- деп кызыктырды. Ошентип 1992-жылдын кеч күзүндө Маматемин агай менен тааныштым. Маматемин агай “Аа Алишер мырза, чымының козуп калган экен”,- деп адабий тилде сүйлөгөн, ар бир тамга сөзүн так даана айткан киши эле. Анан мени "Ош" типографиясына ээрчитип барып, жараянына катышып үйрөн деди. Ошол убакта типографиянын гүлдөп иштеп жаткан учуру болчу. Мага аябай жакты, ал жерде канчалаган студенттик күндөрүм өттү.  Ал жерде биз жасаган материалдарды Байыш деген аке карап, тапшырма берип бизди ошол жердегилер менен тааныштырды. Гезиттин жасалып жаткан дизайндарын көрүп кызыгуум артып, дилгирленип калдым.

Ошентип биз жазган материалдар бир канча текшерүүлөрдөн кийин гана верставшиктердин (дизайнерлердин) колуна өтчү. Гезит чыгаруу учурунда, каталарын оңдоодо колдорубуз май болуп, оңдоп бүтүрүп басмага берчүбүз.

Мен студент болуп барганымда 9 факультет бар эле. Ал убакта менин энергиям толуп тургандыктан мага аз сезилгенби билбейм, факультеттерден сырткары Кыргыз-Өзбек университети, Ош технологиялык университеттерине чейин “Нур” гезитин алып барчубуз. Ошондо Маматемин агай мага аябай жакшы мотивация берген экен, “Ким редактор болуп келсе, ал сенден сурап гезиттин "кухнясын" үйрөнөт”,-деп күлүп койчу эле. Ошондон баштап Маматемин агай ден-соолугуна байланыштуу кызматын тапшырып берди. Анын ордуна гезиттин редактору болуп Алайбек Айныкеев деген жазуучу, акын дайындалды. Алайбек акеге менимче Бакыт Жолчубеков эскертүү бердиби, кыскасы дагы редактор алмаша турган болду. Андан кийин эле ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы Сатыбалды Мамытов деген Орус филологиясында сабак берген илимпоз агай студенттер кошуунуна кабар айтып, “гезитти карап берейин” деп, редактор кызматына келип калды. Сатыбалды акебиз саясатка бир топ аралашып калагандыгынан депутаттыкка өз талапкерлигин коюп, студенттик кошуун да аны өткөрүү үчүн кыйла чуркадык. Ал депутат болгондон кийин ордуна Алишер Токсонбаев деген кичине, арык киши келип чогуу иштешип калдык. Мен ушул гезиттин иши менен жүрүп студенттик кошуун менен жакын болуп кеттим. Негизи менин эмгек китебимде студенттик кошуундун төрагасы деп жазылып турат. Бир жылдын ичинде студенттик кошуун, анын максатын, багытын аныктап, көп маалымат алууга жетиштим.

Алишер Токсонбаев да ден соолугуна байланыштуу тапшырып берүү ниетин билдирди. Ошондо Каныбек агай: “Өзүм көзөмөлдөйм, Алишердин ооруп жатканынан кабарым бар”,- деп редакторлук жумушун баштады. Мен болсо мурдум көө болуп, өзүм гезитти чыгарып жүрдүм. Алишер аке “Болду кубатым эми барам”,- деп телефондон айтып койчу. Каныбек агай келгенде өзүмө келдим окшойт. Каныбек агай редактор болуп, гезиттин санын көбөйтүп, бир топ өзгөрүүлөр боло баштады. Бул арада мени Жалал-Абаддагы типографияга чейин жөнөттү. Ошол жактан “Нур” гезитинин 1-2 санын чыгартып да келдик. Негизи Каныбек агай изденгич, ойлоп тапкыч, креативдүү ой жүгүрткөн киши эле. Гезиттин сапатын көтөрүш үчүн көп ойлонуп, изденип, көп күч жумшады...