Түркиянын Сивас Жумхурийет университети 2024-2025-окуу жылынын күзгү семестри үчүн академиялык мобилдүүлүк программасына кабыл алууну баштады.
Бардык адистиктер боюнча арыздар кабыл алынат.
Негизги шарттар жана талаптар:
1. Түрк тилин В2 деңгээлде билүү;
2. Билим алуу акысыз;
3. Акы төлөнүүчү жатакана берилет;
4. Жол кире жана башка чыгымдар студенттин эсебинен;
5. Университет тууралуу кененирээк маалымат https://www.cumhuriyet.edu.tr/ сайтында;
Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 20-майына чейин уланат.
Программанын координатору: ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн инспектору, PhD Кулназарова Айнура Досуевна.
Биздин дарек: ОшМУнун борбордук китепканасы, 302-кабинет.
Болжол: ОшМУнун башкы имараты.
e-mail: akulnazarova@oshsu.kg