Мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Главная Новости

Мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Image

Университеттин Эл аралык билим берүү программалары коллежинде Кыргызстандын мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

Иш-чарада коллеж директору Кумарбек Ромашов мугалимдерди жана студенттерди мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Ал мамлекеттик символдорду урматтоо ар бир жарандын милдети экенин белгилеп, жаштарды мекенге ак ниет кызмат кылууга чакырды.

Салтанаттын жүрүшүндө окутуучулар студенттерге желектин кабыл алынуу тарыхы, анын өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн, көз карандысыздыгынын символу катары мааниси тууралуу маалымат беришти.

Иш-чара жаштар арасында жарандык маданиятты өнүктүрүү максатында коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо боюнча предметтик циклдык комиссиясынын окутуучулары тарабынан уюштурулду.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-мартта өкмөт үйүнүн алдында расмий көтөрүлгөн.

 

Фотогалерея