3-мартта Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) делегациясы иш сапары менен Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУ) барып, эки окуу жай ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сапардын алкагында ОшМУнун өкүлдөрү ЖАМУнун Конфуций институту, стартап жана медиа борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышып, билим берүүдө колдонулуп жаткан заманбап ыкмалар тууралуу маалымат алышты.
Жолугушууда тарбия иштери, маданий долбоорлор, маалыматтык кызматташтык жана студенттик алмашуу программалары талкууланды. Тараптар мурдагы кызматташууну жандандыруу менен катар, жаңы форматтагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды көтөрүштү.
ЖАМУнун мамлекеттик тил жана социалдык тарбия иштери боюнча проректору Абубакир Маматумаров жаштар саясаты жана маданий-эстетикалык багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын белгилеп, ОшМУнун тажрыйбасы пайдалуу болорун айтты.
Иш сапардын алкагында ОшМУнун искусство багытындагы студенттери ЖАМУнун студенттерине концерттик программа тартуулашты. Сахнада жандуу аткаруулар, улуттук жана заманбап чыгармалар жаңырып, көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусуна ээ болду.