ОшМУ: “Инновациялык питомник” жашыл келечекке жол ачкан демилге 

Главная Новости

ОшМУ: “Инновациялык питомник” жашыл келечекке жол ачкан демилге 

Image

Климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу — дүйнөлүк деңгээлде көңүл бурулуп жаткан маанилүү маселелер. Бул багытта илим менен практиканы айкалыштыруу өзгөчө мааниге ээ. Ош мамлекеттик университетинин алдында иш алып барган Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар консалтинг борбору илимий изилдөөлөрдү реалдуу долбоорлор менен айкалыштырып, аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган иштерди жүргүзүүдө. Борбордун директору Абдижапар Аккулов «Инновациялык питомник» долбоору тууралуу айтып берди.

  

Илимден өндүрүшкө, идеядан туруктуу өнүгүүгө

Климаттын өзгөрүшү, экологиялык коопсуздук жана азык-түлүк коопсуздугу бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселелеринин бири. Бул багытта Ош мамлекеттик университетинин алдында түзүлгөн ТооЭкоКонсалтинг борбору илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп гана тим болбостон, алардын жыйынтыгын практикада колдонууга да аракет кылууда.

“Биздин курамга ОшМУнун жана башка жогорку окуу жайлардын биология, география, айыл жана токой чарбасы, геоэкология, экономика, медицина, педагогика жана башка багыттар боюнча эмгектенген окумуштуу-изилдөөчүлөрү менен практик адистери кирет. Максатыбыз илимий потенциалды аймактарды өнүктүрүүгө, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жана коомдун туруктуу өнүгүүсүнө багыттоо”.

«Инновациялык питомник» борбордун эң ири долбоорлорунун бири 

Бул долбоор ОшМУнун «Илимди жана өндүрүш менен байланышты өнүктүрүү» программасынын алкагында каржыланып, 2025-жылдын 1-сентябрында башталган. Долбоор 2026-жылдын 1-сентябрына чейин уланат.

Долбоор 2,5 гектар аянтта инновациялык мөмө бактарын түптөп, жашылдандыруу үчүн көчөттөрдү өндүрүүчү питомник түзүү максатын көздөйт. Мында бир нече маанилүү милдеттер камтылган. Алардын катарында өлкөдөгү жашыл аймактарды көбөйтүү боюнча мамлекеттик демилгелерди колдоо, келечекте мөмө-жемиш өндүрүү аркылуу университетке кошумча киреше булагын түзүү, шаарлар менен айылдарды сапаттуу көчөттөр менен камсыз кылуу жана студенттер үчүн практикалык окуу базасы каралган. 

    

Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагындагы жерге бак-дарактар отургузулду

ОшМУ, Ош токой чарбасы жана жеке өнөктөштөрдүн ортосунда кызматташтык келишимдери түзүлүп, Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагындагы 3,5 гектар жерге бак-дарактар отургузулду. Анын ичинде 400 түп жаңгак, 400 түп кокон гилас, 200 түп ар түрдүү мөмө-жемиш дарактары жана 200 түп жүзүм бар.

Учурда питомникте тал, терек, клен, ясень, акация, катальпа, каштан, карагай, арча сыяктуу жашылдандырууда кеңири колдонулуучу дарактардын, ошондой эле итмурун, мисте, карагат өңдүү бадалдардын көчөттөрү өстүрүлүп жатат.

 

Экологиялык демилгелерге коомчулук жигердүү катышууда

Биз экологиялык демилгелерге жергиликтүү калкты, жаштарды жана мамлекеттик органдарды кеңири тартууга аракет кылабыз. Мисалы, 2026-жылдын 29-мартында Инновациялык питомникте көчөт отургузуу акциясы уюштурулуп, ага ОшМУнун жамааты, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мындай иш-чаралар экологиялык маданиятты калыптандырууга жана жашыл аймактарды көбөйтүүгө чоң салым кошот.

Акыркы эки жыл ичинде Ош жана Баткен облустарынын бардык райондорунда жергиликтүү коомчулуктардын катышуусунда жолугушуулар, талкуулар жана тегерек столдор өткөрүлдү. Алар климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу маселелерине арналды.

Бул иш-чараларда биздин адистер Инновациялык питомниктин тажрыйбасын бөлүшүп, жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча сунуштарын беришти.

Көчөттөрдү жана гүлдөрдү уруктан өстүрүүгө ылайыкталган заманбап күнөскана куруу пландалууда

2027-жылдан баштап питомниктин аймагында көчөттөрдү жана гүлдөрдү уруктан өстүрүүгө ылайыкталган заманбап күнөскана куруу пландалууда. Ошондой эле студенттерге жана фермерлерге окутууларды өткөрүү үчүн жеңил конструкциядагы лекциялык жай салуу мерчемделген.

Учурда бул багыттагы долбоорлорду кеңейтүү жана инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Долбоордун натыйжасында ОшМУ үчүн жаңы киреше булагы пайда болот

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында аймактын экологиялык абалы боюнча илимий маалыматтар топтолуп, жаратылыш ресурстарын сактоо жана жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыгат. Ал эми итомникте өндүрүлгөн продукция рынокко чыгарылып, ОшМУ үчүн жаңы киреше булагы пайда кылат. 

Мындан тышкары  инновациялык питомник аркылуу сапаттуу көчөттөрдү өндүрүү жолго коюлуп, жашыл аймактарды көбөйтүүгө, экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

 

Даярдаган: Мээрим Осмонали кызы