ОшМУнун окутуучулары жаштардын менталдык саламаттыгы боюнча долбоорго катышууда

Главная Новости

ОшМУнун окутуучулары жаштардын менталдык саламаттыгы боюнча долбоорго катышууда

Image

8–10-июнь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Кызжибек Темирова жана Гүлзина Акишова Бишкек шаарында өткөн коопсуз мейкиндиктерди түзүү, жаштардын менталдык саламаттыгы жана жарандык катышуусу боюнча конференцияга  катышты. 

Иш-чаранын  жүрүшүндө долбоордун жыйынтыктары талкууланып, жаштардын бакубаттуулугун камсыздоо жана коомдогу тынчтыкты бекемдөө боюнча тажрыйбалары тааныштырылды. Иш-чара БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан IDem долбоорунун алкагында уюштурулду. 

IDem долбоору жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу коомдун өнүгүшүнө жана ынтымактын чыңдалышына өбөлгө түзгөн демилге катары белгиленди.

Окутуучулар буга чейин да аталган  долбоордун  алкагында жаштардын менталдык саламаттыгын чыңдоо, лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүү, жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу жана коомдук турмушка активдүү катышуусун камсыздоого багытталган бир катар иш-чараларга жигердүү катышкан.

Долбоор жаштардын үнүн угууга, алардын демилгелерин колдоого жана ар түрдүү социалдык топтордун ортосунда өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө багытталган. 




 

Фотогалерея