Ноокатта ОшМУнун окумуштуулары климаттык өзгөрүүлөр боюнча маалымат беришти

Главная Новости

Ноокатта ОшМУнун окумуштуулары климаттык өзгөрүүлөр боюнча маалымат беришти

Image

Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулары  12-июнда  Ноокат районунундагы  Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын тургундарына жергиликтүү тургундарга климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири, азык-түлүк коопсуздугу жана жашыл аймактарды түзүүнүн мааниси тууралуу маалымат беришти.

Алсак, окуу жайдын Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун директору Абдыжапар Аккулов климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөштө ар бир жарандын жоопкерчилиги чоң экенин белгиледи. Ал  туруктуу жана жашыл келечекти камсыз кылуу үчүн биргелешкен аракеттер зарыл экенин айтты. 

Ал эми ОшМУнун доценти Элмурат Обдунов климаттык тобокелдиктердин азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири тууралуу баяндама жасап, алдын алуу чараларын күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин илимий-эксперттик мүмкүнчүлүктөрү жана жергиликтүү коомчулуктар менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

Жыйын «Эл аралык толеранттуулук үчүн» (FTI) фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «CLIMPSE – климат, тынчтык жана коопсуздук» долбоорунун алкагында өттү.

 

Фотогалерея