Ош мамлекеттик университетинде Түркиянын расмий билим берүү мекемелеринин бири болгон TTEMÖR түрк тили курстары түрк тилин үйрөнүүнү каалагандарды окууга чакырат.
Курстарда угуучуларга түрк тили A1, A2, B1, B2, C1 жана C2 деңгээлдеринде окутулат. Окууга ОшМУнун студенттери менен катар түрк тилин үйрөнүүгө кызыккан бардык жарандар катыша алышат.
Сабактарды Түркиядан келген тажрыйбалуу адис-мугалимдер заманбап жана натыйжалуу окутуу усулдарын колдонуу менен өтүшөт.