ОшМУ «Түштүк Экспо – 2026» эл аралык көргөзмө-жарманкесине катышууда

Главная Новости

ОшМУ «Түштүк Экспо – 2026» эл аралык көргөзмө-жарманкесине катышууда

Image

Ош шаарында 23–24-сентябрь күндөрү X эл аралык «Түштүк EXPO – 2026» көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат. 

«Өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр!» урааны алдында уюштурулган иш-чараны президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн аппараты, Соода-өнөр жай палатасынын облустук бөлүмү жана Ош мамлекеттик университети биргеликте өткөрүүдө.

Көргөзмөгө он мамлекеттен өкүлдөр катышып, мамлекеттик органдар, жогорку окуу жайлар, эл аралык уюмдар, каржы институттары, мекеме-ишканалар, бизнес өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүн тааныштырып жатышат. Иш-чаранын негизги багыттары ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция тартуу, инновацияларды жайылтуу жана жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн түзүү болууда.

Көргөзмөнүн алкагында өткөн  «Бизнестеги жашыл технологиялар» бизнес-форумунда ОшМУнун доценти Зувайда Шербаева «Климаттык өзгөрүүлөр шарттарында тоо экосистемаларын сактоо үчүн жергиликтүү коомчулуктарга сунушталган чарба жүргүзүүнүн альтернативалык формалары» аттуу темада баяндама жасады. Ошондой эле эл аралык медицина факультетинин өкүлү Азиза Сеитова «SATREPS (IRCAPS) эл аралык долбоору: жыйынтыктары, жетишкендиктери жана келечеги» темасында презентация кылды.

Мындан тышкары Enactus командасы өз долбоорлорун тааныштырып, жаштардын ишкердик демилгелери, инновациялык идеялары тууралуу маалымат берди. Ал эми окуу жайдын студенттери көргөзмөгө ыктыярчы катары катышып, конокторду тосуп алуу, маалымат берүү, иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөтүүдө.

Эске салалы: 2026-жылы ОшМУнун Enactus командасы улуттук чемпионатта жеңишке жетип, дүйнөлүк мелдешке катышуу укугун алган. Команда ноябрь айында Бразилияда өтө турган Enactus дүйнөлүк мелдешинде Кыргызстандын атынан катышат.

 

Фотогалерея