ОшМУда Германия жана Индиядан келген окумуштуулар менен илимий жолугушуулар өтүүдө

Главная Новости

ОшМУда Германия жана Индиядан келген окумуштуулар менен илимий жолугушуулар өтүүдө

Image

28-сентябрдан 6-октябрга чейин Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда Германия, Индиядан келген окумуштуулар менен илимий-академиялык жолугушуулар өтүүдө.

Программага Германиянын Штутгарт университетинин профессору Виктор Аврутин, Индиянын окумуштуусу, профессор Соумитро Банерджи катышууда.

Жолугушуулардын алкагында жаңы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, актуалдуу темалар боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу пландалууда. Ошондой эле биргелешкен илимий макалаларды даярдап, эл аралык журналдарга жарыялоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Программага ОшМУнун окутуучулары, жаш окумуштуулары, докторанттары, магистранттар, студенттер катышууда. Алар үчүн илимий жолугушуулар, талкуулар, семинарлар жана конок лекциялар уюштурулууда. Студенттерге илимий макала жазуу, эл аралык журналдарга жарыялоо боюнча практикалык маалыматтар берилет.

Мындан тышкары жаш изилдөөчүлөрдү биргелешкен долбоорлорго тартуу, алардын тажрыйбасын кеңейтүү жана чет өлкөлөрдө илимий стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда. Ошондой эле эл аралык гранттарга, биргелешкен илимий долбоорлорго катышуу боюнча пикир алмашуу жүрүп жатат.

Виктор Аврутин Штутгарт университетинин Системалар теориясы жана автоматтык башкаруу институтунда эмгектенет. Ал эми Соумитро Банерджи Калькутта шаарындагы Индия илимий билим берүү жана изилдөө институтунун Физика илимдери бөлүмүндө иштейт.

 

Фотогалерея