ОшМУ: Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон кыргызстандыктардын тагдырын тактоого багытталган долбоор

Anasayfa Haberler

ОшМУ: Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон кыргызстандыктардын тагдырын тактоого багытталган долбоор

Image

Ош мамлекеттик университетинде «1941–1945-жылдары Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка мобилизацияланып, дайынсыз жоголгондордун изи менен» аттуу илимий долбоор ишке ашырылууда. Изилдөөнү Чыгыш таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Бөтөнөев жүргүзүүдө. 

Долбоор согуш жылдарында Кыргызстандан фронтко мобилизацияланып, дайынсыз жоголгон мекендештердин тагдырын архивдик материалдардын негизинде изилдөөгө, тарыхтагы такталбаган маалыматтарды толуктоого багытталган. 

 

Тарыхтын ак барактарын толуктоо 

1941–1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка мобилизацияланып, дайынсыз жоголгон 10 миңдеген мекендештер тууралуу бүгүнкү күнгө чейин толук маалыматтардын жоктугу долбоордун актуалдуулугун арттырууда. 

Айрыкча дайынсыз жоголгон жоокерлердин урпактары үчүн алардын ата-бабаларынын сүрөтү, согуштагы жолу, качан жана кайсы жерде болгондугу, ошондой эле кандай жагдайда курман болгону тууралуу маалыматтарды табуу маанилүү. Ушуга байланыштуу долбоордун алкагында архивдик документтерди иликтөө аркылуу кыргыз тарыхындагы такталбаган маалыматтарды толуктоо максат кылынган. 

  

Долбоордун негизги багыттары 

Изилдөөнүн алкагында 1941–1945-жылдары Кыргызстандан согушка мобилизацияланып, дайынсыз жоголгондор тууралуу жаңы архивдик маалыматтарды табуу, аларды системалаштыруу жана китеп түрүндө жарыялоо каралган. Ошондой эле согушта дайынсыз жоголгон мекендештердин жаркын элесине арналган илимий конференциялар өткөрүлүп, алардын эрдигинин тарбиялык маанисин жаш муундарга жеткирүү багытында иштер жүргүзүлгөн.

  

Архивдердеги комплекстүү изилдөө

Долбоордун алкагында 2024–2025-жылдары бир катар архивдерде комплекстүү илимий-изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Алгач Бишкек шаарындагы Коргоо министрлигинин архивинде Кыргызстандан согушка кетип, кайтып келбей калган, дайынсыз жоголгон жарандар тууралуу маалыматтар изилденип, тиешелүү тизмелер такталган.

Мындан тышкары Борбордук мамлекеттик архивде жана президенттин архивинде согушка кеткен, кайтып келбеген жана дайынсыз жоголгон мекендештер тууралуу архивдик материалдар изилденип, маалыматтар топтолуп, документтердин көчүрмөлөрү алынган. Ошондой эле өлкөнүн жети облусундагы шаарлар менен райондордогу 52 аскер комиссариатынын архивдеринен тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү изилденген.

 

Он томдук архивдик жыйнак даярдалууда

Расмий маалыматтарга ылайык, согуш жылдарында майданга 365 миңден ашуун адам жөнөтүлүп, алардын 150 миңге жакыны дайынсыз жоголгон деп көрсөтүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында бир катар айырмачылыктар аныкталып, майданга баргандардын саны 267 миңден ашуун, ал эми дайынсыз жоголгондордун саны 140 миңге жакын экени белгилүү болгон.

Долбоордун натыйжасында «Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар (1941–1945)» аттуу он томдук эмгек даярдалган. Жыйнакта согуш жылдарында дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар облустар боюнча өзүнчө томдорго топтолгон. Учурда он томдук эмгек Бишкек шаарындагы «Дарак» басма үйүндө басылып жатат.

Урпактар үчүн тарыхый маалымат

Долбоордун жыйынтыктары дайынсыз жоголгон жоокерлердин урпактарына ата-бабалары тууралуу жаңы маалыматтарды табууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле топтолгон архивдик материалдар Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги Кыргызстандын тарыхын терең изилдөөгө, кийинки муундарга жеткирүүгө өбөлгө болот. 

Даярдаган: Осмонали кызы Мээрим