ОшМУ 2024-2025-окуу жылына РhD докторантурага кабыл алууну жарыялайт

Башкы Жарыялар

ОшМУ 2024-2025-окуу жылына РhD докторантурага кабыл алууну жарыялайт

ОшМУнун РhD программалары:

560100 Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина

510100 Математика

510400 Физика

580100 Экономика

710100 Электроэнергетика жана электротехника

531000 Филология

510200 Колдонмо математика жана информатика

 

ОшМУнун базалык РhD докторантурасына контракттык негизде окууга документтерди кабыл алуу, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ош мамлекеттик университетинде жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү процессин жүргүзүү шарттары жөнүндө №987/1 03.07.2024 буйругунун негизинде 2024-жылдын 10-июлунан 2024-жылдын октябрына чейин жүргүзүлөт:

- 10-июлдан 25-августка чейин ОшМУнун аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн жооптуу адамы менен документтерди кабыл алуу боюнча аңгемелешүүдөн өтүү, PhD программасынын багытын аныктоо, документтердин туура келүүсүн текшерүү;

- 26-августтан 31-августка чейин алдын ала диссертациялык иштин темасы менен илимий жетекчилерди тиешелүү кафедралардагы программа жетекчилери менен биргеликте тандоо, талкулоо жана аңгемелешүүдөн өтүү;

- 1-сентябрдан 30-сентябрга чейин базалык докторантурага тапшыруучулардын документтерин кабыл алуу (PhD /профили боюнча);

- 20-сентябрдан 30-сентябрга чейин тиешелүү кафедралар тарабынан кирүү экзамендеринин программаларын, экзамендик билеттерди даярдоо жана аларга экспертиза жүргүзүү;

- 1- октябрдан 10-октябрга чейин кирүү сынактарын өткөрүү.

 

ОшМУнун базалык РhD докторантурасына тапшыруу үчүн документтердин тизмеси:

  • ОшМУнун ректорунун атына жазылган арыз;
  • Магистр же адис багыты же адистиги боюнча жогорку билими жөнүндө дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • Чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген дипломдор үчүн билим берүү жөнүндө документтердин деңгээлин жана мазмунун тастыктоосу тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымкаты, тиешелүү дипломдун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен көчүрмөсү;
  • Паспорт жана аскердик билет (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - арыз берүүдө жеке өзү көрсөтүлөт);
  • Кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • Эмгек ишмердүүлүгүн тастыктаган кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (эмгек стажы бар адамдар үчүн);
  • 3,5х4,5см өлчөмүндөгү төрт түстүү сүрөт;
  • Илимий жана илимий-методикалык эмгектердин тизмеси (бар болсо);
  • Илимий жетекчилердин (ата мекендик жана чет өлкөлүк) жетекчилигине макулдук ;
  • Болочок илимий жетекчилердин акыркы 5 жыл ичиндеги илимий эмгектеринин тизмеси SCOPUS жана Web of Science системасына кирген журналдарда жарыяланган (кеминде 2 макаласы);
  • Англис тилин билгендигин тастыктаган сертификаттардын көчүрмөлөрү. Жалпы европалык компетенцияларга ылайык (англис тилин билүү деңгээлин тастыктоочу (эгер бар болсо).

 

Маалымат алуу боюнча төмөндөгү дарекке кайрылыныздар

 

Ош ш. Ленин көч., 331 ОшМУнун Борбордук китепканасы каб. 203.

 

Байланыш телефондору: +996559215177, + 996559837079 w/app.