ОшМУ аспирантурага кабыл алууну жарыялайт

Башкы Жарыялар

ОшМУ аспирантурага кабыл алууну жарыялайт

 

Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 10-июлунан 26-сентябрына чейин жүргүзүлөт.

Кабыл алуу адистиктерин ОшМУнун сайтында https://www.oshsu.kg/ru/page/292 шилтемеси менен көрүүгө болот.

Аспирантурага тапшыруу үчүн документтердин тизмеси:

- ректордун атына арыз;

- өмүр баяны;

- жогорку окуу жайын, магистратураны бүтүргөндүгү тууралуу дипломунун, ординатураны бүтүргөндүгү тууралуу сертификатынын нотариустан тастыкталган көчүрмөлөрү (чет өлкөлүк жарандар үчүн – алардын билими тууралуу документтеринин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк);

- илимий жетекчисинин макулдугу жана маалыматтары (илимий жетекчисинин тастыкталган кол тамгасы, мөөрү менен);

- жарыкка чыккан илимий макалаларынын көчүрмөсү. Тиешелүү тармактын адисинин пикири менен тандалган адистик темасы боюнча реферат;

- 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- кадрлар бөлүмүнөн тастыкталган өздүк баракча;

- кафедранын кеңешмесинин аспирантурага сунуштагандыгы жөнүндөгү протоколунан көчүрмө;

- кадрлар бөлүмүнөн тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- иштеген жерлеринен маалымкаттар;

- паспорттун көчүрмөсү (чет өлкөлүк жарандар үчүн нотариустан тастыкталган котормосу)

- окумуштуулар (илиймий-техникалык) кеңешинин же мамлекеттик аттестациялык комиссиянын сунуштамaлары;

- кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндө протокол жана мамлекеттик жана англис тилдерин тапшыргандыгы тууралуу сертификаттар (бар болсо).

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору:

(03222) 7-07-61

0559 56 29 29