Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен Синьцзян педагогикалык университети ортосундагы кызматташуу келишими узартылды. Бул тууралуу Конфуций институтунун башкармалыгынын 13-апрелдеги 8-жыйынында белгилүү болду.
Жыйынга ректор Кудайберди Кожобеков жана Кытай тараптан университеттин партиялык комитетинин төрагасы Цзян Хайцзюнь баштаган делегация катышты. Тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, 2026-жылга карата иш пландар, каржылоо багыттарын талкуулашты. Ошондой эле Конфуций институтунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө баа берилип, алдыдагы артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кытай маданияты боюнча маданий программа тартуулашты.
ОшМУнун алдындагы Конфуций институту 2013-жылы түзүлгөн. Институт Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган. 2016-жылдан тарта анын базасында кыргыз-кытай факультети иштеп келет. Учурда факультетте лингвистика, кытай таануу жана филология багыттары боюнча бакалавриат, магистратура деңгээлдеринде адистер даярдалууда.