Ош мамлекеттик университетинин Медициналык коллежинин табият таануу жана так илимдер предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучулары Нурсулуу Атажанова, Анипахан Маликова, Каныкей Акбар кызы 10–14-апрель күндөрү академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Кызыл-Кыя медициналык коллежинде иш сапары менен болушту.
Алар орус жана англис тилдери боюнча практикалык сабактарда студенттерге жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен интерактивдүү окутуу ыкмаларын көрсөтүштү. Ошондой эле жасалма интеллектке негизделген тиркемелер аркылуу тил үйрөнүү процессин жеңилдетүү, билимди өздөштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу ыкмалары менен бөлүшүштү.
Мындан тышкары эки окуу жайдын өкүлдөрү билим берүү процесси, окуу-методикалык камсыздоо, окутуунун заманбап технологиялары боюнча пикир алмашып, келечектеги кызматташтыктын багыттарын талкуулашты. Иш сапар академиялык мобилдүүлүктү арттыруу, билим берүү сапатын жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын жайылтуу максатында уюштурулду.