“Youth GO” квизи: жаштар адам укугу жана коопсуз миграция боюнча билим сынашты

Башкы Окуялар

“Youth GO” квизи: жаштар адам укугу жана коопсуз миграция боюнча билим сынашты

Image

“Youth GO” долбоорунун алкагында жаштар үчүн интеллектуалдык квиз 15-апрелде Ош мамлекеттик университетинде уюштурулду.

Алтымышка жакын катышуучу командаларга бөлүнүп, адам укуктары, санариптик укуктар, коопсуз миграция темалары боюнча суроолор аркылуу таймашты. Квизди “Жаштар өнүктүрүү институту” коомдук фондунун Ош облусундагы координатору Милана Мыктаралиева алып барды.

Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыгында 1-орунду “Дуо” командасы, 2-орун “ООН студенттер” командасы, 3-орун “Миньоны” студенттик тайпасы ээледи. Төртүнчү жана бешинчи орундарга “3/26 МВД” жана “Шумкар жаштар” тайпалары татыды.

Иш-чараны Жаштар өнүктүрүү институту коомдук фонду менен Эл аралык миграция уюму (МОМ) биргеликте уюштурду. Ал эми ОшМУ өнөктөш катары катышты.

Квиз “Жаштарды санариптик көндүмдөр аркылуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор Европа Биримдигинин колдоосу менен Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлиги (BMZ), DVV International тарабынан каржыланууда.








 

Фото галерея