Студенттер “Уучубузду узарткан уңгужол” маданий кечесине катышты

Башкы Окуялар

Студенттер “Уучубузду узарткан уңгужол” маданий кечесине катышты

Image

ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунда 14-майда “Уучубузду узарткан уңгужол” аттуу маданий-музыкалык кече өткөрүлдү. Бул иш-чара президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу жарлыгынын негизинде уюштурулду. 

Анда кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, руханий мурастарын, маданий дөөлөттөрүн даңазалаган чыгармалар тартууланды. Катышуучулар комуз күүлөрүн чертип, көркөм окууларды аткарып, “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтышты. Ошондой эле обондуу ырлар жаңырып, улуттук каада-салттарды чагылдырган сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Мындан тышкары студенттер арасында Kahoot тиркемеси аркылуу интеллектуалдык тест уюштурулуп, кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана улуттук баалуулуктары боюнча билимдери сыналды. 

Иш-чаранын соңунда институт директору Олжобай Шаимкулов жана мамлекеттик тил боюнча проректор Мастура Шарипова сөз сүйлөп, уюштуруучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдиришти.

Кечени институттун орус филологиясы бөлүмүнүн директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Чынара Токурова, англис тили бөлүмүнүн директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Назира Усенова, эл аралык билим берүү программалары жана чет тилдер кафедрасынын директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Айзада Бекташева уюштурушту.