Коллеждерге кабыл алууда ЖРТ талап кылынат

Башкы Окуялар

Коллеждерге кабыл алууда ЖРТ талап кылынат

Image

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуунун жаңы тартибин бекитти. 

Ага ылайык, 11-классты аяктаган абитуриенттер коллеждердин бюджеттик жана контракттык орундарына Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Министрлик бул талап бардык адистиктерге тиешелүү эмес экенин эскертти. Айрым чыгармачылык жана спорттук багыттар боюнча кошумча сынактар өткөрүлүп, ЖРТ жыйынтыгы милдеттүү түрдө талап кылынбайт. Мындан тышкары жогорку кесиптик билим берүүнүн айрым багыттары жана адистиктери боюнча кошумча предметтик тесттерди тапшыруу каралган. Тиешелүү тизмелер Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтомуна ылайык бекитилген. 

Жаңы эрежеге ылайык, абитуриенттер ар бир турда бир гранттык жана бир контракттык орунга арыз бере алышат. Документтерди кабыл алуу “Абитуриент Online” электрондук системасы аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандар үчүн жеңилдиктер каралары белгиленди.