Окумуштуулар Жалал-Абаддагы мисте токойлорунун абалын изилдешти

Башкы Окуялар

Окумуштуулар Жалал-Абаддагы мисте токойлорунун абалын изилдешти

Image

ОшМУнун окумуштуулары Жалал-Абаддагы мисте токойлорунун абалы, аларды көбөйтүү жана Ош облусунда жаңы мисте плантацияларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. 

Алар 25-октябрда Жаңгакчылык жана токой экосистемалары институтуна иш сапары менен барышып, мекеменин кызматкерлери менен бирге Ноокендеги С. Болотов атындагы Кара-Булак таяныч пунктунда болушту. Ошондой эле мисте токойлорунун абалын жеринен көрүштү. Жолугушууда мисте бактары качан жана кантип түптөлгөнү, мистенин түрлөрү, аны өстүрүү боюнча жүргүзүлгөн тажрыйбалардын жыйынтыгы, плантациялардын аянтын кеңейтүү жолдору талкууланды. Мындан тышкары Ош облусунда жаңы мисте бактарын отургузуу мүмкүнчүлүктөрү каралып, бул багытта биргелешип иш алып баруу боюнча пикир алмашылды.

Долбоорлорду ишке ашырууда жана кеңеш берүү иштеринде айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, окумуштуу-токойчу Бакытбек Шамшиевдин салымы белгиленди. Ал буга чейин Жаңгакчылык жана токой экосистемалары институтун жетектеген. Учурда да илимий долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келет.

Иш сапар ОшМУнун ички гранттарынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Инновациялык питомник» (жетекчиси доцент Абдижапар Аккулов) жана «Азык-түлүк коопсуздугу» (жетекчиси доцент Элмурат Обдунов) долбоорлорунун алкагында уюштурулду. Ошондой эле Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги каржылаган «Жер көчкүлөрдөн деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү: климаттын өзгөрүү шарттарында тоо экосистемаларын сактоо үчүн токой мелиоративдик иш-аракеттерди жүргүзүү жана биорекультивациялоо» долбоору да камтылды. Анын жетекчиси доцент Абдижапар Аккулов. 

Иш сапардын максаты окумуштуулардын кызматташтыгын бекемдөө, токойлорду сактоо, калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жер ресурстарын туура пайдалануу жана Ош облусунда мисте бактарын өстүрүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болду.

 

Фото галерея