Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына арналган адабий кече өттү

Башкы Окуялар

Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына арналган адабий кече өттү

Image

ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 26-октябрда акын, жазуучу, адабиятчы, сынчы Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына арналган адабий-эстетикалык кече өттү.

Кечени факультеттин деканы Олжобай Шаимкулов ачып, Камбаралы Бобуловдун өмүрү, чыгармачылыгы жана кыргыз адабиятына кошкон салымы тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу баяндамаларды окуп, ырларына адабий талдоо жүргүзүштү. Ошондой эле анын чыгармаларын көркөм окуп, чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн маанисин чечмелешти.

Адабий кече филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын доценттери Бактыгүл Байтикова, Зыйнат Раимбердиева, окутуучу Нурила Заирова, улук китепканачы Зыйнаткан Турдуеванын демилгеси менен уюштурулду.