Устат агай Авасбек Шерматов ардактуу эс алууга чыкты

Башкы Жаңылыктар

Устат агай Авасбек Шерматов ардактуу эс алууга чыкты

Image

ОшМУда үзүрлүү эмгектенип, жаштыгын, өмүрүн, ак эмгегин университетке арнап, учурда ардактуу эс алууга чыгып жаткан Орус фиологиясы факультетинин ага окутуучусу Авасбек Шерматовду окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, ректорат жамааты, кесиптик бирлиги административдик кеңеште  жылуу сөздөрүн айтып, ардактуу эс алууга узатышты. Окуу жайга жасаган ак эмгеги, жаш улан-кыздарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн  ыразычылыктарын билдиришти.

Ардактуу эс алууга чыгып жаткан Авасбек Шерматовго бир айлык өлчөмүндөгү сыйлык, “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” төш белгиси жана Кочкор-Ата шаарындагы эс алуучу жайга 2 адамдык эс алууга жолдонмо тапшырылды.

Устат агай Авасбек Шерматов 1977-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту (азыркы ОшМУ)  филология факультетинин орус тили жана адабияты адистигин аяктаган. 2001-жылдан тартып ОшМУда үзүрлүү эмгектенип келген.  

Фото галерея