ОшМУнун Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар боюнча консалтинг борборунун директору Абдижапар Аккулов "Токой волонтерлорунун мектебинин" финалдык слетуна катышты. Иш-чара 6-9- декабрь күндөрү Москва шаарында өттү.
Анда Аккулов климаттык өзгөрүүдө окуу жайдагы экологиялык илимий изилдөөлөрдүн багыттары жана аткарылган долбоорлор боюнча айтып берди. Кыргызстандын жаратылышы жана экологиялык көйгөйлөрү жөнүндө командалык презентация жасап, финалдык сертификатка ээ болушкан.
Ошондой эле “ЭКА” эл аралык экологиялык уюму менен ОшМУ ортосунда мындан ары да кызматташуу, экологиялык жаңы долбоорлорду бирге аткаруу, “Жашыл ЖОЖдор” эл аралык программасына кирүү жөнүндө меморандум түзүү макулдашылды. Мындан сырткары 16-17-декабрда окуу жайда Ачык экосабак жана “ЖОЖдордогу экологиялык демилгелерди ишке ашыруу: ийгиликтүү тажрыйбалар жана өнүгүү” аталышындагы конференция өткөрүү сүйлөшүлдү.