Ош мамлекеттик университети менен Кыргызстандын Аарычылар палатасынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Документ Ош облусунда аарычылык тармагын өнүктүрүү жана кластердик система аркылуу иш алып барууну талкуулоо үчүн уюштурулган тегерек столдун алкагында түзүлдү.
Иш чара 12-декабрда ОшМУда уюштурулуп, ага президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү, Аарычылар палатасы, облустун «Аарыкечтер» коомдук бирикмеси, окуу жайдын Бизнес паркы жана Инновациялык агро борборунун өкүлдөрү, ишкерлер катышты.
Катышуучулар балчылык секторунун учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашты. Ошондой эле бул тармакты заманбап технологиялар менен өнүктүрүп, экспортту кеңейтүү жана продукциянын сапатын жогорулатууну талкуулашты. Мындан тышкары адистер илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, өлкөнүн климатына ылайыкташкан аарылардын кыргыз пародасын чыгарууну белгилешти.
Ал эми ОшМУнун ветеринария жана агрономия адистигинде окуган студенттерге балчылыкты сабак катары киргизүү сунушу айтылды. Бизнес парктын директору Эрлан Камалов меморандумдун алкагында жүргүзүлчү иштерди атады.
“ОшМУ менен Кыргызстандын Аарычылар палатасынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде илимий изилдөөлөрдү колдоо, инновациялык технологияларды киргизүү, бал өндүрүүчүлөрдү окутуу жана тармактык адистерди даярдоо боюнча иштер алып барылат. Аарычылык боюнча жаштар тарабынан иштелип чыккан стартап долбоорлордун ар тараптуу колдоого алуу сунуштары да киргизилди”.
Тегерек стол «Аарыкечтер» коомдук бирикмесинин, ОшМУнун Бизнес паркынын жана Инновациялык агро борборунун демилгеси менен өткөрүлдү.